Кашка-Суудагы беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын себеби иликтенип жатат

милициянын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Чүй облустук милициясы Кашка-Суу айылында орун алган оор жол кырсыгынын себептерин иликтеп жатат. 14-майга караган түнү катталган кырсыктан беш адам каза болду. Алардын төртөө 14, 6, 4 жана 2 жаштагы балдар экени ырасталды.

Милициянын маалыматына ылайык, Бишкек–Кашка-Суу жолунда Honda Torneo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, беш адамды сүзүп кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 312-беренеси менен кылмыш иши козголуп, 22 жаштагы айдоочу камакка алынды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырып, өзгөчө эл жашаган аймактарда жана жөө адамдар өтүүчү тилкелерде ылдамдыкты ашырбоону эскертти.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда 1 миң 150 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,9% аз. Ошол эле учурда жол кырсыктарынан каза болгондордун саны өсүүдө. Үч ай ичинде 148 адам көз жумган, алардын 18и балдар.

Жол кырсыктарынын көбү (44% )Бишкек шаарында катталган. Андан киийнки эле орунда Чүй облусу турат - 19,7%.

Кыргызстанда былтыр 8 миң 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.