Президенттин мурдагы кеңешчиси делген Жаныбек Кубандыковдун жубайы үн катты

Сүрөттүн булагы, Official
Президенттин мурдагы кеңешчиси делген Жаныбек Кубандыковдун жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова жолдошу тууралуу коомчулукка кайрылуу жасады.
Чет өлкөлүк инвесторлорго ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелип, Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча айыпталып жаткан Жаныбек Кубандыков боюнча ал "Фейсбук" баракчасында пикирин билдирди.
Анда депутат жолдошуна карата козголгон иш тууралуу сүйлөп, аны менен жолугуп чыкканын айткан.
"Эң негизгиси ал сөз болуп жаткан чет өлкөлүктөрдүн 5 миллион 500 миң долларын алып койгон деген дооматка тиешеси жок экенин билдим. Болгону чет өлкөлүк жаран менен орусиялык жаранды тааныштырып, көздөштүрүп койгон экен. Бирөөсү сатуучу, экинчиси сатып алуучу болгон. Эки жак тең Жаныбекке акча бергенбиз деп көрсөтмө берген эмес. Орусиялык жаран польшалык жаранды 5 миллион 500 миң долларга алдап кетиптир. Тааныштырганы үчүн ортодо Жаныбек күйүп жатат. Иш адилет каралса Жаныбек чыгат буюрса",- деген депутат.
Соңку айларда айрым журналисттер тарабынан Жаныбек Кубандыковдун аты коомдо көбүрөөк айтыла баштаган. Ал президенттин кеңешчиси экени, чет жакка чартердик учак менен каттап жүргөнү, президенттин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары маанилүү маселелерге аралашканы тууралуу маалыматтар айтылган.
Көп өтпөй, 21-майда алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган. Ал кармалгандан кийин социалдык тармактарда ар кандай кайчы пикирлер пайда боло баштаган.
Кубандыков кармалган соң, үч күндөн кийин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Фейсбук" баракчасына билдирүү жазып, учурда Кыргызстан жарандарынан эч ким "президенттин коомдук кеңешчиси" жана "президенттин коомдук жардамчысы" болуп иштебей турганын айткан.
"Бул билдирүү акыркы убакта айрымдардын тигил же бул адамды "президенттин коомдук кеңешчиси же президенттин коомдук жардамчысы" деп атап жаткандыгына байланыштуу. Эске салсам, президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын баардыгын 2024-жылы сентябрда Президенттин Администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон. Учурда Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси",- деген ал.
Жогорку Кеңешке 16-округдан шайланып келген 42 жаштагы депутат Медина Кайрылбекова, айыпталып жаткан Жаныбек Кубандыковдун жубайы. Ал Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Санташ айылында туулуп өскөн.


























