"Кошумча түйшүк". Орусия мигранттар үчүн дагы бир эреже киргизет

ruid

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Орусияга кирип-чыга тургандар үчүн дагы бир эреже. 30-июндан тарта Орусияга иштөөгө же окууга бара турган ар бир чет элдик жаран эми ruID тиркемеси аркылуу каттоодон өтүп, 72 саат мурда атайын арыз тапшырууга милдетүү. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар да сапарды пландаштыруу этабында эле Орусияга кирүүгө карата колдонулган тыюу салуулар тууралуу алдын ала биле алышат.

КР ТИМ Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, КР ТИМ Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов

"Эми 30-июндан тартып, Орусиянын жаны мыйзамына ылайык, иштейм, окуйм деп барган жарандар бул тиркемени сөзсүз түрдө көчүрүп, катталып, алдын-ала билдирүүсүн жөнөтүүсү керек. ЕАЭБдин алкагында бул кайра эле тоскоолдук жаралып жатпайбы деген суроолор болушу мүмкүн, биз да бул суроону бердик орус тарапка. ЕАЭБдин алкагында да талкуулар жүрүп жатат. Орус тарабы өлкөгө кирген жарандардын санариптик тарыхын түзүүгө багытталган иш-чара деп түшүндүрүп берип жатат. Бул эң биринчи кезекте өзүлөрүнүн коопсуздугун жана контролдоо мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүгө багытталганын да белгилешти", - деди КР ТИМ Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов.

"Бажы биримдигиндебиз, бирок...". Москвадагы кыргызстандыктар эмне дейт?

Былтыр Москвага жана обулска кирип-чыккан мигранттарды көзөмөлдөгөн АМИНА тиркемеси иштей баштаган. Мындан тышкары көзөмөл реестри ишке кирип, ага түшкөндөр түрдүү чектөөлөргө туш болуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушат. Июнда күчүнө кире турган жаңы эреже ансыз да катаалдашып бараткан миграциялык саясатты дагы күчөтөбү?

Москвадагы кыргызстандык мигрант, Нурлан Айбашов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москвадагы кыргызстандык мигрант, Нурлан Айбашов

"Бажы биримдигиндебиз, бирок Казакстан, Армения сыяктуу орустар менен теңата сүйлөшө албайбыз. Азыр мына руайдиси чыгып жатат дейт июндан баштап. Анысы да кыйла түйшүк жаратат. Анын АМИНАдан да көбүрөөк талаптары бар экен. 72 саат мурда арыз таштап, анан кабыл алса гана өлкөгө кирет экенбиз. Расмий иши болсо деле руайдиге катталышын керек дейт. Мигранттарга күндөн-күнгө эле кыйын болуп баратат. Биздин балдар азыр Кыргызстанда, ойлонуп жатабыз, кантип келет, кантип окушат. Себеби жылдан жылга мигранттардын балдарына экзамендерин катаалдаштырып, тест алып жатышат. Бир балабыз былтыр келип, окуй албай кеткен кайра. Дагы бирөө келет, кандай болот билбейм",- деди Москвадагы кыргызстандык мигрант, Нурлан Айбашов.

Жаңы тиркеменин артыкчылыктары болушу мүмкүнбү?

Деген менен руайди мобилдик тиркемесинин артыкчылыктары да бар деп эсептегендер бар. Айрым кыргызстандык мигранттардын айтуусунда, документтер чөнтөк телефондо жеткиликтүү болгону бир топ эсе ыңгайлуу.

Венера Асанова, Москвадагы кыргызстандык
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Венера Асанова, Москвадагы кыргызстандык

"Ал жактан ИИМге кезекке турсак болот экен, медициналык картаны каттатсак болот экен. эмгек келишимдерибиз ошол жерде болот экен. көчөдөн милиция кармаса, кюар-код аркылуу эле баарын текшерип алат экен. Cумкаңа документтердин баарын көтөрүп жүрбөй, онлайн эле көрсөтүп коесуң. Анан карыздарыңды да текшерсең болот экен", - деди Москвадагы кыргызстандык мигрант Венера Асанова.

Бир топ жылдан бери Москвада ишкерлик менен алектенген Кубанычбек Калиев эрежелер катаалдаганы менен кагаз иштери кыйла жеңилдегенин айтат.

Москвадагы дагы бир кыргызстандык мигрант Кубанычбек Калиев.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москвадагы дагы бир кыргызстандык мигрант Кубанычбек Калиев

"Алты айдан бери документ менен чуркабай калдым. Ишкер катары колумда иштеген адамдарлын документтерин өзүм жасачумун. Азыр кызматкерлерибиз эртен менен бир ачат, кечинде бир ачат болду. Руайди деле ошол. Болгону бизди телефонго байлап коюп жатышат", - деди Москвадагы дагы бир кыргызстандык мигрант Кубанычбек Калиев.

Орусияда акыркы эки жылда миграциялык эрежелер болуп көрбөгөндөй катаалдашты. Орус өкмөтү мындай кадамдарын коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди көзөмөлдөөгө багытталганын айтып келет.

Кыргыз өкмөтү өз кезегинде орус тарап менен жарандары үчүн миграциялык саясатын жумшартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып келет.

Орусия Федерациясындагы кыргызстандыктардын саны учурда 502 миңди түзөт. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла аз. Реестрге кирген жарандардын саны 90271 болсо, Сахароводо убактылуу кармоочу жайда 80ден ашык жаран Кыргызстанга кайтуу үчүн кезегин күтүп турушат.