Камчыбек Ташиев сурактан чыкты

Видеонун түшүндүрмөсү, Камчыбек Ташиев сурактан чыкты
Камчыбек Ташиев сурактан чыкты

Кыргызстанга 19-мартта кайтып келген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип чыкты.

Маалыматтарда ал ИИМде 4 сааттан ашык болгону айтылат. Журналисттерге Ташиевге суроо берүүгө мүмкүн болгон жок. Ал автоунаасы менен дароо чыгып кетти.

Ташиев сурактын жүрүшү тууралуу маалымат бербөө жөнүндө тилкат жазганы кабарланды.

Ички иштер министрлиги Ташиевдин кайсы иштер тууралуу суралганы боюнча кенен маалымат бере элек.

Буга чейин министрлик Ташиев "Кыргызнефтегаз" боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары суралып жатканын билдирген.