Кашка-Суудагы беш өмүрдү алган жол кырсыгы: келин үч баласы менен каза тапты

Беш адамдын өмүрүн жол кырсыгы 14-май күнү кечке маал Чүйдүн Кашка-Суу айылында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, конокко келген келинди үч баласы жана сиңдиси менен кошо катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа сүзүп кеткен. Андан 2, 4, 6 жана 14 жаштагы балдар жана 29 жаштагы келин мүрт кеткен.
"Баланы шыр эле алып чыга калсак, бирөө дем алып жатат деди, бирөө дем алган жок деди. Бирок оор акыбалда экен. Тигил жакта машине токтоп турган. Машиненин бул жагында кичине баласы, нары жагында келин, тигил жагында бала… Анан машиненин алдынан дагы бир баланы алып чыгышты. Окуя болор замат милиция баарын чогултуп алып кетти", - Кашка-Суу айылынын тургуну Нарине Иманалиева.
Маркумдун жолдошунун жакындарынын айтымында, келин алты айлык кош бойлуу да болчу.
"Менин атамдын инисинин баласынын келинчеги эле. Мен өзүм Орусияда турам. Келинди анда-санда эле көрчүбүз. Бирок баары мактачу. Быйыл март айында Кыргызстанга барып, тойдо жолуктук эле. Аябай жакшы келин эле. Томпойгон, ширин-ширин балдары бар эле", - деди өзүн Асел деп тааныштырган маркумдун жакыны.
Маркум эже-сиңдилер Нарын облусунун Кочкор районунан болот.
Милиция 22 жаштагы айдоочуну камакка алды. Расмий маалыматта кылмышка шектүү катуу ылдамдыкта баратып, рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кетип, жол жээгинде турган адамдарды сүзгөн.

Сүрөттүн булагы, ИИМ
Жергиликтүү жашоочулардын билдиришинче, бул жерде аялдама жок, бирок автобустар ушул тушка токтоп, жүргүнчүлөрдү салып кетишчү.
Кашка Суу айылынын тургундары жолдун бул бөлүгү өтө кооптуу экенин билдиришүүдө. Айыл тургуну Анар Отунчиева буларды айтты:
"Аябай коркобуз. Көпкө чейин турабыз өтө албай. Жол белгилерин көрүп тургандан кийин жакшынакай айдап өтүшсө болот да. Айдоочулук күбөлүк алышканда окуп алышканбы? Же окубай эле алып алышканбы? Ушул жерде бурулуш болсо да, бири-биринен ашып өтүшөт".
Бул пикирге айыл тургуну Нарине Иманалиева да кошулат:
"Кооптуу бурулуш болгондуктан, калп айтпасам былтыр, быйыл ушул жерден ондон ашык кырсык болду. Эмне экенин билбейбиз. Машинелер ушул жакка эле кирип кетишет".
Жергиликтүү тургундар дал ушул жерде кырсыктар союз учурунан бери байма-бай катталарын айтышууда. Андыктан алар кооптуу бурулушка жол белгилерин жана камераларды орнотууну көптөн бери талап кылып келишкенин айтышты.
































