Оң рулдуу унаа ээлери бийликке кайрылышты
Оң рулдуу унаа ээлери бийликке кайрылышты
Published
Бишкектеги Горький сейил багында оң рулдуу унаалардын ээлери нааразылык акиясын өткөрүп, такси кызматында иштөөгө уруксат берүүнү сурап бийликке кайрылышты. Ошондой эле 10-региондун мамлекеттик номурлары тагылган унаа ээлери өкмөттөн машиналарын кайра сатууга уруксат берүүсүн өтүнүштү.



