Сурабалдиева: мүлк мамлекетке да өткөн эмес

Видеонун түшүндүрмөсү, Сурабалдиева: мүлк мамлекетке да өткөн эмес
Сурабалдиева: мүлк мамлекетке да өткөн эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Көлбаевдин кылмыштуу тобуна пансионатын алдырып жиберип, кийин УКМКга арызданган ишкер тууралуу маселени парламентте көтөрдү.

"Мүлк мамлекетке дагы өткөн эмес", — деди Сурабалдиева.

Кыргызстандын Башкы прокурору Максат Асаналиевдин айтымында, мындай мүнөздөгү арыздар көп түшүп, иликтенип жатат.