Ойго чөмүлгөн шимпанзе, өз образына суктанган кашкулак: Жылдын мыкты жаратылыш сүрөттөрү жарыяланды

кашкулак
Published
Окуу убактысы: 6 мүнөт

Лондондогу Табигый тарых музейи 2024-жылдын эң мыкты жаратылыш сүрөттөрүн жарыялады. Анда өзүнүн Бэнкси стилиндеги образына суктанган кашкулактын сүрөтү жеңүүчү аталды. Бул сүрөттү британдык фотограф Иан Вуд тартып алган.

"Бул сүрөттү тартыш үчүн дээрлик эки жыл убактым кетти. Бул жөн эле мендеги ой болчу, кийин гана аны чыныгы сүрөткө айландыра алдым. Граффитини ошол жерге жайгаштырып, анын алдынан өтүп бара жаткан кашкулакты тартып алсам кызыктуу болот деп пландагам", — деди ал Би-Би-Сиге.

Иан Вуд бул сүрөт аркылуу кашкулактарды жок кылууга байланышкан өмөттүн талаштуу чечимин сынга алган.

Англияда кашкулактарды атып, аны кургак учукка каршы күрөшүүдө колдонушат. Мындай практика кийинки беш жыл ичинде токтотулушу мүмкүндүгүн өкмөт өткөн жылы айткан.

"Мен бул сыйлыгымды өкмөттүн кашкулактарды атууга берген лицензиясын жокко чыгарууга багытталган чечимине алмашмакмын", — деп билдирди сүрөтчү.

"Жылдын мыкты жаратылыш сүрөтү" номинациясынын "Элдин тандоосу" категориясына жалпысынан 25 чыгарма ат салышкан. Бул сүрөттөр дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 76 миңдей добуш топтоду.

Жеңүүчү аталган сүрөттөн тышкары төрт финалисттин чыгармасы жогору бааланды. Беш сүрөт тең Лондондун Табигый тарых музейиндеги көргөзмөдө 29-июнга чейин илинип турат, ошондой эле онлайн көрүүгө да болот.

Би-Би-Си сынактын финалисттери жана катышуучулары тарткан жаратылыштын мыкты сүрөттөрүн сунуштайт.

"Тикенек сайылган кашкулак" — Дэвид Нортал, Улуу Британия

кашкулак

Чүткөрдүн учтуу тикенектери денесине сайылып калса дагы аны кубалап бараткан кашкулак. Бул сүрөт Ботсванада тартылган.

Кашкулак бираз тыныгуу алып, аңчылыгын улантты дагы чүткөрдү ийинине сүйрөп кетти.

"Бороон чапкын" — Мишель д'Ультремон (Бельгия)

чычкан

Жакшылап карасаңыз, сүрөттөгү арс чычканды байкадыңызбы? Бул жаныбар Бельгиянын карлуу пейзажында тартылган.

Сүрөтчү Мишель д'Ультремон бир нече жылдан бери ушундай сүрөттү чагылдырууга белсенип, арс чычкандардын кардын пейзажында "жоголуп кетүүсүн" чагылдырганга ашыгып жүргөн.

"Түн учуру" — Жесс Финдли (Канада)

түн

Бул көз жоосун алган сүрөттөгү үкү аңчылык кылуу үчүн эски сарайдан учуп чыгууда.

Жесс Финдли Ванкувердеги талааларда бир нече түн бою алардын адаттарын аңдыган. Фотоаппараттын жарыгы анчалык байкалбаган нурдун сигналы менен иштеп, үкүгө "аңчылыктын" онунчу күнүндө гана укмуштуудай сүрөттү тартууга мүмкүн болду.

"Жер жана асман" — Франсиско Негрони (Чили)

асман

Бул укмуштуудай сүрөттө кош лентикулярдык булут чагылдырылган. Чилидеги Вильяррика вулканынан бүркүлүп чыккан лава асманда ушундай көрүнүштү жаратат.

Франсиско Негрони бул жанар тоонун активдүүлүгүн байкап туруу үчүн ал жакка көп каттап турат.

Сыйлыкка татыган дагы башка сүрөттөр

белуха

Британ-канадалык сүрөтчү Марк Уильямс Арктикада ташка кашынып жаткан белуханын тартып алган.

Жүздөгөн белуха жырткыч косаткалардан качып, ушул коопсуз аймактарга чогулат. Ал жерде эски терилерин сыйрышат.

тюлен

Британ сүрөтчү Сью Флад Антарктидада муз үстүндө эс алып жаткан тюленди тартып алган.

Уктап аткан деңиз жаныбарын чочутуп албаш үчүн сүрөтчү аралыктан тартууга ылайыкталган объектив колдонгон.

пума

Америкалык фотограф Аарон Баггенстос Чилидеги Торрес-дель-Паине улуттук паркындагы пуманы чагылдырган.

Бул аймакта кой багуу менен алектенген фермерлерге түшүндүрүү иштери жүрдү. Табиятты коргогон активисттер пумаларды сактап калуу үчүн көп иштерди аткарганын айтышат.

карышкыр

Индиялык фотограф Арвинд Рамамурти Бхигван шаарына жакындап келген карышкырлардын үйүрүн тартып алган.

Венгриялык фотограф Бенче Мате Кишкунсаг улуттук паркындагы саз булбулунун кичинекей үкүгө кол салганын тартып алган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Венгриялык фотограф Бенче Мате Кишкунсаг улуттук паркындагы саз булбулунун кичинекей үкүгө кол салганын тартып алган
Австралиялык сүрөтчү Брэд Лью Кати-Танда-Лейк-Эйр көлүндөгү селди тик учактан чагылдырганга жетишкен. Мындай жаратылыш кубулушу 10 жылда бир жолу болуп турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Австралиялык сүрөтчү Брэд Лью Кати-Танда-Лейк-Эйр көлүндөгү селди тик учактан чагылдырганга жетишкен. Мындай жаратылыш кубулушу 10 жылда бир жолу болуп турат
Италиялык фотограф Карло Д'Аурицио суудагы көпөлөктөрдүн сюрреалисттик коллажын тарткан. Ал мындай көрүнүшкө туш болом деп ойлогон эмес. Сүрөтчү бул курт-кумурскалар эмне үчүн өлгөнүн дагы деле түшүнө элекмин дейт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Италиялык фотограф Карло Д'Аурицио суудагы көпөлөктөрдүн сюрреалисттик коллажын тарткан. Ал мындай көрүнүшкө туш болом деп ойлогон эмес. Сүрөтчү бул курт-кумурскалар эмне үчүн өлгөнүн дагы деле түшүнө элекмин дейт
Йеллоустондогу калың кар баскан токойду кесип өтүп бараткан төрт боз карышкыр. Америкалык сүрөтчү Девон Прадхумандын эмгеги
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Йеллоустондогу калың кар баскан токойду кесип өтүп бараткан төрт боз карышкыр. Америкалык сүрөтчү Девон Прадхумандын эмгеги
Германиянын Мюнстер жарманкесинин фонундагы чыйырчыктын карааны. Автору Кристиан Бринкманн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиянын Мюнстер жарманкесинин фонундагы чыйырчыктын карааны. Автору Кристиан Бринкманн
Ак аюунун баласы түндүк фульмарга суу астынан кол салууга аракеттенүүдө. Сүрөт норвегиялык фотограф Эрленд Хаарбергге таандык
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак аюунун баласы түндүк фульмарга суу астынан кол салууга аракеттенүүдө. Сүрөт норвегиялык фотограф Эрленд Хаарбергге таандык
Чехиялык сүрөтчү Иван Иванек Вьетнамдын Sơn Trà жарым аралындагы кызыл куйруктуу лангуралардын баарлашкан учурун тартып алган. Жоголуп кетүү коркунучунда турган бул жаныбарларга аңчылык жана алардын жашоо чөйрөсүнүн кыскарышы терс таасир этүүдө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чехиялык сүрөтчү Иван Иванек Вьетнамдын Sơn Trà жарым аралындагы кызыл куйруктуу лангуралардын баарлашкан учурун тартып алган. Жоголуп кетүү коркунучунда турган бул жаныбарларга аңчылык жана алардын жашоо чөйрөсүнүн кыскарышы терс таасир этүүдө
Португалиялык сүрөтчү Хосе Фрагосо гепарддын баласы аткезчилик жол менен сатылып жаткан учурда аны сүрөткө түшүрүп алган. Кийинчирээк бул жапайы жаныбар куткарылып, коопсуз жерге жеткирилген
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Португалиялык сүрөтчү Хосе Фрагосо гепарддын баласы аткезчилик жол менен сатылып жаткан учурда аны сүрөткө түшүрүп алган. Кийинчирээк бул жапайы жаныбар куткарылып, коопсуз жерге жеткирилген
Бул сүрөттө канаттуунун кийимин кийген биолог жоголуп кетүү коркунучунда турган кликун-турналарына жакындап жатат. Мындай ыкма канаттуунун ден соолугун текшерүү, бузулуп калган датчикти алмаштыруу үчүн жасалат. Ал учурду америкалык сүрөтчү Майкл Форсберг тартып калганга жетишкен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сүрөттө канаттуунун кийимин кийген биолог жоголуп кетүү коркунучунда турган кликун-турналарына жакындап жатат. Мындай ыкма канаттуунун ден соолугун текшерүү, бузулуп калган датчикти алмаштыруу үчүн жасалат. Ал учурду америкалык сүрөтчү Майкл Форсберг тартып калганга жетишкен
Израилдик фотограф Ноам Кортлер Индонезиянын Комодо аралындагы сууда скаттын үстүндө отурган крабды тартып алган. Бул крабды жасалганы мыкты жасаган краб деп аташат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдик фотограф Ноам Кортлер Индонезиянын Комодо аралындагы сууда скаттын үстүндө отурган крабды тартып алган. Бул крабды жасалганы мыкты жасаган краб деп аташат
Лоанго улуттук паркында ойго чөмүлгөн шимпанзе. Сүрөт америкалык Нора Миллиганга таандык
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лоанго улуттук паркында ойго чөмүлгөн шимпанзе. Сүрөт америкалык Нора Миллиганга таандык
Мозамбиктеги Горонгоса улуттук паркында сейрек кездешкен кошаяксоройлор (чычкан түспөлдүү айбандардын бир тукуму). Алар табиятынан уялчаак келет, тамактануу үчүн курт-кумурскаларды издеп, бир эле жолду күн сайын басып өтүшөт. Сүрөттүн автору Петр Наскрецкий
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мозамбиктеги Горонгоса улуттук паркында сейрек кездешкен кошаяксоройлор (чычкан түспөлдүү айбандардын бир тукуму). Алар табиятынан уялчаак келет, тамактануу үчүн курт-кумурскаларды издеп, бир эле жолду күн сайын басып өтүшөт. Сүрөттүн автору Петр Наскрецкий
Бул сүрөттө Жаңы Зеландиянын Эндерби аралындагы токойду байырлаган түндүк ири буревестник (деңиз кушунун бир түрү) чагылдырылган. Автору француз сүрөтчүсү Самуэль Блох. Чытырман токойдо бул сыяктуу деңиз канаттууларын кезиктирүү өтө сейрек көрүнүш. Адатта алар океанда жашашат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сүрөттө Жаңы Зеландиянын Эндерби аралындагы токойду байырлаган түндүк ири буревестник (деңиз кушунун бир түрү) чагылдырылган. Автору француз сүрөтчүсү Самуэль Блох. Чытырман токойдо бул сыяктуу деңиз канаттууларын кезиктирүү өтө сейрек көрүнүш. Адатта алар океанда жашашат
Кемчет куйругу менен сууну чапчууда. Бул ыкманы алар сууда чоочун бирөө пайда болгондо колдонушат. Ал үй-бүлө мүчөлөрүн коркунуч тууралуу эскертип жатат. Автору Саванна Роуз
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кемчет куйругу менен сууну чапчууда. Бул ыкманы алар сууда чоочун бирөө пайда болгондо колдонушат. Ал үй-бүлө мүчөлөрүн коркунуч тууралуу эскертип жатат. Автору Саванна Роуз
Франциялык сүрөтчү Винсент Премель суринамдык алтын көздүү баканын өз түгөйүн чакырып жатканын тартып алган. Бака катуу үн чыгарган үчүн аны жүздөгөн метр алыстыктан угууга болот
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франциялык сүрөтчү Винсент Премель суринамдык алтын көздүү баканын өз түгөйүн чакырып жатканын тартып алган. Бака катуу үн чыгарган үчүн аны жүздөгөн метр алыстыктан угууга болот
Түштүк африкалык фотограф Вилли Бургер ван Шалквик геккондун (кескелдирик түркүмүнө кирет) өзүнөн алда канча чоң куш менен алышып жатканын тартып алган. Ал айбаттуу сес көрсөткөнү менен куштун чеңгелинен аман калууга мүмкүнчүлүгү жок эле
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк африкалык фотограф Вилли Бургер ван Шалквик геккондун (кескелдирик түркүмүнө кирет) өзүнөн алда канча чоң куш менен алышып жатканын тартып алган. Ал айбаттуу сес көрсөткөнү менен куштун чеңгелинен аман калууга мүмкүнчүлүгү жок эле