"Шайыр бала эле". 110 сом үчүн кыйылган өмүр

Видеонун түшүндүрмөсү, "Шайыр бала эле". 110 сом үчүн кыйылган өмүр
"Шайыр бала эле". 110 сом үчүн кыйылган өмүр

Нарын районунун Ийри-Суу айылында 7-класстын окуучусунун өлүмү тергелүүдө. Нарын облустук милициясы "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Он төрт жаштагы Эрбол Абиров мектепте 110 сом уурдоого айыпталгандан кийин өз жанын кыйганы кабарланган. Жакындары Эрболдун намыстанып асынып алганын айтып, ишти акыйкат иликтөөнү сурашууда.